Өкмөттө ЕБдин өкүлү менен Кыргызстандын авиакомпанияларын «кара тизмеден» чыгаруу маселеси талкууланды

25.03.2026 | 16:44

Бүгүн, 25-мартта, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Питер Соренсен менен жолугушту. Жолугушуунун негизги темасы Кыргызстан авиакомпанияларын Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу маселеси болду.

Өкмөттүн маалыматында, жолугушууга Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфло жана Жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостонов катышты.

Өкмөт башчы Кыргызстанда авиация тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар, ошондой эле жетишкендиктер туралуу маалымат берди. Анын айтымында, реформалардын натыйжасында төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө жетишилген:

  • Жүргүнчүлөрдүн агымы 2021-жылдагы 3,9 миллиондон 2025-жылы 6 миллион адамга чейин өскөн.
  • Каттамдардын саны 53%га көбөйүп, 34 миңден 52 миңге жеткен.
  • Өлкөдөгү бардык 11 аэропорттун иши калыбына келтирилип, модернизацияланган.

Ошондой эле Касымалиев авиациялык паркты жаңылоонун алкагында Airbus A321 үлгүсүндөгү эки учак менчикке сатылып алынганын айтты. 2030-жылга чейин лизинг шартында дагы 10 аба кемесин жеткирүү пландалууда. Мындан тышкраы ал ИКАОнун стандарттарын киргизүү деңгээли 85,76%га жеткенин белгиледи.

Европа комиссиясынын өкүлү Питер Соренсен Кыргызстанда авиация тармагын өнүктүрүү жана мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча жасалган иштерге канааттануусун билдирди. Анын айтымында, кыргыз өкмөтүнүн бул тармакты колдоо деңгээли тиешелүү натыйжаларды берүүдө.

Ал Кыргызстандын авиакомпанияларын ЕБдин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгаруу боюнча акыркы чечим 2026-жылдын май айында Биримдиктин тиешелүү комитетинин жыйынында кабыл алынарын билдирди.

Scroll to Top