Өкмөттө «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагын түзүү долбоору талкууланды

Сингапурдук «Makara Capital» инвестициялык-консультациялык ишканасы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагын (АФИА) түзүүнү долбоорлоонун жана ишке киргизүүнүн негизги принциптерин баяндашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 7-октябрда, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусунда өзгөчө укуктук режимдеги «Тамчы» АФИАсын жана англис укугун колдонуу менен талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча көз карандысыз эл аралык борборду түзүү боюнча жумушчу кеңешме өткөргөн.
Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык консультанттар, аталган сингапурдук ишкананын жетекчилери жана эксперттер катышкан.
Адылбек Касымалиев «Тамчы» АФИАны түзүү боюнча долбоор өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын бири болуп саналарын жана экономикалык өсүштүн жаңы чекитин түзүүгө багытталганын белгилеген.
Ошондой эле кеңешмеде консультанттар түзүлүп жаткан “Тамчы” АФИАсы Дубай, Сингапур жана башка өлкөлөрдүн юрисдикцияларындагы каржы зоналарынын ийгиликтүү тажрыйбасын айкалыштырган, ошол эле учурда эл аралык каржы борборунун өзүнчө кыргыз концепциясын түзгөн уникалдуу иштөө форматына ээ болушу мүмкүн экенин баса белгилешкен.