Америкалык окумуштуулар күн сайын картаят деген версияга күмөн жаратты. Алар адамдын денесиндеги өзгөрүүлөр пайда болуп, картаюу башталган үч этапты айтышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Илимпоздор 18 жаштан 95 жашка чейинки 4263 адамдын канынын плазмасын изилдеп көрүшкөн.
Алар белоктордун үч миңдей ар кайсы түрүн изилдеп көрүшкөн жана алардын курамдары он жылдап өзгөрүүсүз калышат деген чечимге келишкен. Бирок ыктыярчылардын 34, 60 жана 78 жашында белоктук деңгээлде чоң өзгөрүүлөр болгонун аныкташкан. Окумуштуулар бул өзгөрүү адамдын организминин баарында болгон деп билдиришкен.
Илимпоздордун айтымында, белоктор же болбосо кандын курамы картаюуга кандай таасир этери азырынча белгисиз.
Чычкандарга жасаган эксперимент көрсөткөндөй, жаштарынан куюлган кан улгайгандарына оң таасирин тийгизген.