Окуучулар арасында STEM-предметтери боюнча Улуттук олимпиада өтөт. Кантип катышса болот?

22.01.2026 | 14:31

Агартуу министрлиги математика, физика, биология, химия жана информатика предметтери боюнча Улуттук олимпиада өтөрүн маалымдап, анын өтө түргөн күндөрүн жарыялады.

Олимпиаданын максаты — зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо, алардын илимий-изилдөө иштерине кызыгуусун арттыруу жана эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн өлкөнүн курама командасын даярдоо болуп саналат.

Олимпиада төрт этапта өткөрүлөт. I жана II этаптар онлайн режиминде, III жана IV этаптар офлайн режиминде жүргүзүлөт. Химия, биология жана физика предметтери боюнча IV этап теориялык жана практикалык турлардан турат.

Предметтер боюнча олимпиаданын этаптары:

Математика:

  • I этап – 1-февраль (саат 10:00–12:00);
  • II этап – 28-февраль (саат 10:00–12:00);
  • III этап – 9–10-март (саат 9:00–14:00);
  • IV этап – 1–3-апрель (саат 9:00–15:00).

Физика:

  • I этап – 31-январь (саат 10:00–13:00);
  • II этап – 21-февраль (саат 09:00–13:00);
  • III этап – 12-март (саат 09:00–14:00);
  • IV этап – 4–6-апрель (саат 9:00–15:00).

Химия:

  • I этап – 1-февраль (саат 14:00–16:30);
  • II этап – 21-февраль (саат 14:30–17:00);
  • III этап – 15-март;
  • IV этап – 1–2-апрель.

Биология:

  • I этап – 31-январь (саат 10:00–12:00);
  • II этап – 14-февраль (саат 10:00–12:00);
  • III этап – 14-март (саат 10:00–13:00);
  • IV этап – 4–5-апрель.

Информатика:

  • I этап – 31-январь;
  • II этап – 22-февраль;
  • III этап – 13-март;
  • IV этап – 7–9-апрель.

Олимпиадага менчик формасына карабастан, жалпы орто мектептин бардык каалоочу окуучулары катыша алышат. Катышуу акысыз.

I этапка катышуу үчүн арыздарды олимпиада башталганга чейин https://kundoluk.edu.gov.kg/ сайты аркылуу же “E-Kundoluk” мобилдик тиркемесиндеги жеке аккаунт аркылуу берүү зарыл. Толук маалыматты министрлик расмий сайтынан алууга болот.

Scroll to Top