Окуучуларды бир мектептен экинчисине которуу процесси санариптештирилет

26.01.2026 | 12:46

Өкмөттө окуучуларды бир мектептен экинчи мектепке которуунун электрондук механизмин киргизүү тапшырылды. Демилге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жетекчилери менен өткөргөн кеңешмеде талкууланды.

Өкмөт башчынын айтымында, учурда өлкөдө 2170 мамлекеттик жана муниципалдык мектеп бар, аларда 1,5 миллиондон ашык бала билим алат. Окуучуларды которуу процесси кол жазма режиминде жүргүзүлүп жаткандыктан, бул коррупциялык тобокелдиктерге жана мектептерге бирдей эмес жүк түшүүсүнө шарт түзүүдө.

Мындан улам Касымалиев биринчи класска электрондук каттоо тажрыйбасынын негизинде окуучуларды которуунун тартибин орнотуу зарыл экенин айтты. Анын айтымында, жаңы система класстарда бош орундардын бар экендигин автоматтык түрдө көрсөтүп, чечим кабыл алууда адам факторун жокко чыгарууга тийиш. Бул процесс мектеп администрациясынын жүгүн жеңилдетүүгө жана процесстин ачыктыгын камсыз кылууга багытталган.

Талкуунун жыйынтыгында Агартуу министрлигине кыска мөөнөттө окуучуларды которуунун электрондук системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү тапшырылды.

Scroll to Top