Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Олимпиада-2024: Бүгүн эки кыргызстандык спортчу күч сынашат
11.08.2024 | 10:49
Париждеги жайкы Олимпиада оюндарынын жыйынтыктоочу күнүндө Кыргызстандын эки спортчусу мелдешке чыгат.
Айпери Медет кызы турнирде коло байге үчүн күрөшсө, жөө күлүк Сардана Трофимова марафондо чуркайт.
11-августтун жүгүртмөсү:
12:00 марафон Сардана Трофимова
15:00 көңүл жубатуучу беттештер жана медаль үчүн күрөштөр
76 кг салмакка чейин коло үчүн таймаш
Айпери Медет кызы – атаандашы аныктала элек.
Белгилей кетсек, Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышты.
Учурда Кыргызстандын куржунунда 6 медаль – 2 күмүш, 4 коло бар.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар