Олимпиада: Кыргызстандык эки дзюдочунун атаандаштары белгилүү болду

Олимпиада: Кыргызстандык эки дзюдочунун атаандаштары белгилүү болду

Кыргызстандык дзюдочулар Эрлан Шеров (90) жана Кубанычбек Айбек уулунун (66 кг) Олимпиада оюндарындагы биринчи атаандаштары белгилүү болду.

Бүгүн, 25-июлда Парижде чүчү кулак тартылып, анын жыйынтыгы менен Шеровдун биринчи атаандашы кубалык Иван Фелипе Силва болду. Шеров таймашты 1/16 финалдан баштайт. Ал 31-июлда килемге чыгат.

Эрлан Шеров 2023-жылы Азия оюндарынын жеңүүчүсү болуп, аталган мелдешти уткан биринчи кыргызстандык дзюдочу болгон. Ал быйыл дүйнө чемпионатында коло тагынып, өлкө тарыхында дүйнө биринчилигинде байге алган алгачкы дзюдочу болуп калды. Ошондой эле Шеров Азия чемпионатында күмүш (2022-жыл) жана коло (2024-жыл) уткан.

Анын атаандашы Силва 2018-жылы дүйнө чемпионатында күмүш байге уткан. 2019-жылы Пан-Америка оюндарынын жеңүүчүсү болгон, 2015-жылы күмүш байгеге татыган. Пан-Американын 4 жолку чемпиону.

Дагы бир кыргыз дзюдочусу Кубанычбек Айбек уулу 1/16 финалдагы алгачкы кармашында украиналык Богдан Ядов менен күч сынаша турган болду. Ал беттешке 28-июлда чыгат.

Айбек уулу 2021-жылы Азия жана Океания чемпионатында коло тагынган, 2023-жылы Грузиядагы Grand Slam мелдешин уткан.

Ядов буга чейин Европанын чемпиону 2022-жыл), коло байге ээси 2023-жыл) болуп жүргөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>