Өлкө башчы Караколдогу “Ысык-Көл автовокзалынын” жаңыланган имараты менен таанышты

08.08.2025 | 17:40

Бүгүн, 8-августта өлкө башчы Садыр Жапаров Каракол шаарында “Ысык-Көл автовокзалы” филиалынын капиталдык оңдоодон өтүп, жаңыланган башкы имараты менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Ысык-Көл автовокзалы” суткасына 500дөн 1000ге чейин жүргүнчү тейлейт. Ошондой эле бир эл аралык, 16 облустар аралык, 17 облус ичиндеги шаарлар аралык, ошондой эле 42 шаар четиндеги жана райондук багыттар боюнча ташууларды камсыздайт.

Садыр Жапаровго аталган имараттые чатыры алмаштырылганы, инженердик тармактар жаңыланганы, ички бөлмөлөр заманбап жасалгаланганы, жаңы терезелер жана эшиктер, LED-экран жана трансляциялык түйүн орнотулганы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле имараттын фасады жаңыланганы, айланасы көрктөндүрүлгөнү айтылды.

Мындан тышкары Транспорт министрлиги автовокзалдын аймагын асфальттоо иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, автовокзал 1988-жылы ишке киргизилген. Өлкө башчысы 2024-жылдын май айында Караколго болгон иш сапарында автовокзалды капиталдык оңдоодон өткөрүп, комплекстүү түрдө жаңылоону тапшырган.

Scroll to Top