Ар бир мугалим ноутбук менен камсыз болот. Аларды «Кыргызиндустрия» мекемеси чогултат

Ар бир мугалим ноутбук менен камсыз болот. Аларды «Кыргызиндустрия» мекемеси чогултат

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү орто мектептердин бардык мугалимдерин ноутбук менен камсыз кылууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жапаров технологиялар доорунда кагаз менен калем саптан баш тартуу мезгили келип жеткенин айткан.

Мугалимдер үчүн ноутбуктарды «Кыргызиндустрия» мекемеси чогултуп бермей болууда. Учурда ал боюнча тиешелүү келишим түзүлдү.

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдиргендей, жылдын аягына чейин өлкөдөгү мугалимдердин 50%ы, 2025-окуу жылында 100%ы ноутбук менен камсыз болот.

Биринчи этапта STEM предметтери: математика, физика, химия, биология, информатика боюнча 24 миң 431 мугалим ноутбуктар менен камсыздалат. Ал үчүн мамлекеттик бюджеттен 600 миллион сомдон ашык акча бөлүнгөн.

Эскерте кетсек, «Кыргызиндустрия» ААКсына караштуу «Кыргызэлектроника» ишканасы принтерлерди чыгарып келет.

«Кыргызэлектроника» ишканасы жаңы үлгүдөгү принтерди чогулта баштады

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>