Өлкөдө кенелердин активдүүлүгү башталды. Жыл башынан бери кене чаккан 17 учур катталды

30.03.2026 | 15:03

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти өлкөдө кенелердин активдүүлүгү башталганын, жыл башынан бери 17 кене чаккан учур катталганын маалымдады. Ал эми былтыр, 2025-жылы кене чаккан 713 учур катталган.

Мекеменин маалыматында, кенелердин активдүүлүгүнүн биринчи баскычы негизинен апрель айынын аягына жана май айынын башына туура келет. Бирок күндүн бат ысышына байланыштуу бул мөөнөт март айынын аягына жылышы мүмкүн. Экинчи баскыч август жана сентябрь айларында байкалат.

Кене чагышы мүмкүн болгон кооптуу аймактар:

  • жайкы үйлөр жана бакча тилкелери;
  • токойлор жана токой парктары;
  • шаардык парктар жана эс алуу зоналары.

Кене чаккан учурда борбордук нерв системасын жабыркатуучу кене вирус энцефалити өнүгүшү мүмкүн. Бул оору майыптуулукка же өлүмгө алып келүүчү кесепеттерди жаратат.

Мындан улам мекеме жарандарды төмөнкү алдын алуу чараларын көрүүгө чакырат:

  • жеңи жана манжеттери тыгыз жабылган, ачык түстөгү кийим кийүү;
  • сейилдөө учурунда жана андан кийин кийимдерди жана дененин ачык жерлерин текшерүү;
  • кенелерди үркүтүүчү репелленттерди нускамасы боюнча колдонуу;
  • бийик чөптөрдөн жана бадалдардан оолак болуу.
Scroll to Top