1-сентябрдан тарта жол эрежесин бузган айдоочуларга чаралар көрүлөт : МинистрНарын шаарына жаңы мэр дайындалдыБишкектин белгилүү патрулчусу Мирлан Таалайбеков жаңы кызматка дайындалдыКыргызстан дүйнөлүк паспорт индексинде 73-орунду ээледиАйпери Медет кызы UWW рейтингинде биринчи орунга чыктыСадыр Жапаров Орусияда учактын кыйрашына байланыштуу Путинге көңүл айтты
Жыл башынан бери сууга чөгүп каза болгондордун саны 33кө жетти
03.07.2025 | 14:57
Быйылкы жылдын 3-июлуна карата республика боюнча сууга чөгүп каза болгон адамдардын саны 33кө жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын 21и жай мезгилинде каза болгон.
ӨКМнин маалыматына караганда, былтыр 2024-жылы жалпы 35 адам сууга чөгүп көз жумган. Каза болгондордун 35 пайызын чоңдор, ал эми 15 пайызын 12 жашка чейинки балдар түзгөн.
«Тилекке каршы, жыл сайын сууга түшүү учурунда коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан улам адам өмүрлөрү кыйылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыш жана жай мезгилдеринде суу коопсуздугу тууралуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Айрым суу объектилерине түшүүгө болбой турганын да эскертип жатабыз», — деп айтылат ӨКМ тараткан маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар