Өлкөдөгү эки негизги кардиология борборуна жаңы жетекчилер дайындалды

23.01.2026 | 14:37

Бүгүн, 23-январда, эки улуттук кардиология борборуна жаңы дайындалган жетекчилер иш жамааттарга тааныштырылды. Аларды дайындоо чечими Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган.

М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборун Талант Эралиев жетектей турган болду, ал эми Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун жетекчиси болуп Жалил Шейшенов дайындалды.

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов жаңы жетекчилерден катуу тартипти жана жакшы жыйынтыктарды күтөрүн баса белгиледи. Буга чейин борборлордун ишинде олуттуу көйгөйлөр аныкталган эле.

Ушул жылдын 13-январында Саламаттык сактоо министрлигинин текшерүүсүнөн кийин Улуттук кардиология жана терапия борборунун мурдагы жетекчиси Талантбек Сооронбаев жана Жүрөк хирургиясы илимий-изилдөө институтунун мурдагы башчысы Самидин Шабыралиев өз каалоолору менен кызматтан кетишкен.

Министрликтен билдиришкендей, бул системалуу мыйзам бузуулар, тез жардам көрсөтүүдөгү көйгөйлөр, өлүмдүн көбөйүшү жана жабдуулардын иштебей туруп калышы менен байланыштуу болгон.

Scroll to Top