Өмүрбек Бабанов журналист Эламан Карымшаковду сотко берип, 1 млн талап кылды

Өмүрбек Бабанов журналист Эламан Карымшаковду сотко берип, 1 млн талап кылды

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов эркин журналист Эламан Карымшаковду сотко берди. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге журналист ырастады.

Анын айтымында, саясатчы “Фрунзе” гипермаркеттер түйүнүн негиздөөчүсү Болотмамбет Жээнбековдун интервьюсу “ар-намысыма шек келтирди, ишкердик беделиме доо кетирди” деп моралдык компенсация сураган. Ал журналисттен 1 миллион сом жана Жээнбековдон 1 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

“Бүгүн Октябрь райондук сотунда алдын ала сот жыйналышы өттү. Ишти судья Улан Шаматов карап жатат. Дагы бир ирет белгилеп кетейин, мен Бабанов тараптын да пикирин алуу үчүн барганда өздөрү жооп бербей коюшкан. Аягында минтип сотко бергени таң калычтуу болду”, — дейт Эламан Карымшаков.

Өмүрбек Бабанов буга чейин сотко Болотмамбет Жээнбековдун интервьюсун өчүрүү талабы менен дагы кайрылган.

Белгилей кетсек, “Фрунзе” гипермаркетинин мурдагы кожоюну Болотмамбет Жээнбеков Өмүрбек Бабанов аны алдап, үлүшүнө ээлик кылып алганын айтып чыккан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>