Он сегиз жаштагы Мээрим Маматова изделүүдө

Он сегиз жаштагы Мээрим Маматова изделүүдө

Бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы Мээрим Маматова изделүүдө.  Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Мээрим Маматова  Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Ново-Павловка айылындагы үйүнөн 2020-жылы 2-декабрь күнү чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.

Белгилери: Бою 170 сантиметр, арык чырай, чачы кара.

Кийип жүргөн кийимдери: Ак түстөгү куртка, кара шым жана кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Кимде ким сүрөттөгү кыз жөнүндө маалымат билсе, төмөнкү номерлерге чалып коюну милиция кызматкерлери өтүнөт:

0(312) 60-75-67;

0(558) 86-14-86;

0(709) 35-35-29.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>