Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты

Өлкө башчы Садыр Жапаров Ош облусуна болгон сапарында Араван районунда болуп, аймакты өнүктүрүү боюнча долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Араван районунун акими Данияр Эркимбаев жыйында президентке алдыдагы пландар тууралуу маалымат берген. Анын айтымында, райондун Керме-Тоо аймагында он өнөр жай объектисинен турган борбор куруу пландалууда. Бул долбоор инвестиция тартууга жана жумуш орундарын түзүүгө багытталган. Ошондой эле райондо спорттук комплекс, оорукананын кошумча корпусу жана мамлекеттик администрациянын жаңы имаратын куруу пландаштырылууда.
Мындан тышкары, жыйында Араван-Сай дарыясына суу сактагыч куруу сунушу айтылган. Долбоор ишке ашса, сугат суунун жетишсиздиги азайып, жаңы жерлерди өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзүлөт.
Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компания С. Юсупов атындагы айыл аймагынан 11 гектар жер тилкесин бөлүүнү сунуштаган. Бул кезекте турган 18 миңден ашык жаранды турак жай менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Райондун акиминин маалыматы боюнча, акыркы жылдары жол инфраструктурасына 954 миллион сом багытталып, 105 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Социалдык тармакта 50дөн ашык объект пайдаланууга берилген. Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү бир жарым эседен ашык көбөйүп, жаңы ишканалар ачылган.
Президент Садыр Жапаров аймактарды комплекстүү өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыты экенин белгилеп, сунушталган демилгелер калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана кошумча жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болорун билдирген.