Оор террордук кылмыштар үчүн эл аралык издөөдөгү адам Бишкектен кармалды  

Оор террордук кылмыштар үчүн эл аралык издөөдөгү адам Бишкектен кармалды  

Террордук багыттагы өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн КМШ өлкөлөрүнүн биринде издөөдө жүргөн жаран Бишкек шаарынан кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрь күнү жүргүзүлүп жаткан ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында террорчулук багыттагы өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн КМШ өлкөлөрүнүн биринде издөөдө жүргөн Н.А. аттуу жаран Бишкек шаарынан кармалды.

Кылмышка шектүү делген жаран Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн жана Бишкек шаарында жашырынып жүргөн. Сот органдарынын чечими менен кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>