Оор жоготуу! Белгилүү дин аалымы Чубак ажы дүйнө салды

Оор жоготуу! Белгилүү дин аалымы Чубак ажы дүйнө салды

Кыргызстандын мурунку муфтийи,  белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов 11-июлга караган түнү дүйнө салды.

Маалыматта караганда  ал түндө оор абалда өпкөсүкагынып Улуттук госпиталга жеткирилип, ошол жактан үзүлгөнү айтылат.

Экс-муфтийдин жаназасы бүгүн, 11-июлда болжол менен саат 16:00-18:00дө Базар-Коргон районуна караштуу Бай-мундуз айылында болору анын “Фейсбуктагы” баракчасына жарыяланды.

Чубак ажы 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын жетектеген.

Ал 1975-жылдын 21-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетинде, Сауд Арабиядагы Эл аралык «Умм ал-Кур» университетинде билим алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>