Орозо айт: 20-мартта кыргызстандыктар эс алышатКара-Балтада уруштан кийин аял күйөөсүн бычактап, андан кийин уктап калганКыргызстанда 2026-жылдын түшүмү үчүн 1,2 млн гектардан ашык жерге себүү пландалуудаКыргызстандын кайра иштетүү өнөр жайы жыл башында 13 пайыздан ашык өсүштү көрсөттүИИМ: Журналист Алтынай Арстанбекова массалык башаламандыктарга чакырууга шектелип кармалдыБишкекте тамак-аштан уулангандардын саны 20 адамга жетти. Бирөө жандандыруу бөлүмүндө
“Ордо” партиясынын лидери Мирбек Мияров ИИМде болгонбу? Жооп
30.11.2021 | 10:24
“Ордо” саясий партиясынын дайынсыз жоголгон лидери Мирбек Мияров Ички иштер министрлигине чакырылган жок. Бул маалыматты Reporter.kg’ге аталган министрликтин басма сөз кызматы тастыктады.
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Мияров УКМКга чакырылбаганын билдирген.
Буга чейин социалдык тармактарда “Ордо” партиясынын лидери Мирбек Мияров Бишкекте дайынсыз жоголгонун жазып чыгышкан.
Мияров 28-ноябрь, саат 14:00дөн бери байланышка чыга элек.
Болжолд түрдө тааныштары аны акыркы жолу Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен көрүшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом