Дайырбек Орунбеков 2023-жылы 10 млн 491,5 миң сом киреше тапкан

Дайырбек Орунбеков 2023-жылы 10 млн 491,5 миң сом киреше тапкан

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков 2023-жылы 10 млн 491,5 миң сом киреше тапкан. Бул тууралуу анын мурдагы жыл үчүн тапшырган декларациясында айтылат.

Ошондой эле ал 3,7 сотых жери, 1 млн 68 миң сомдук мотоциклдери бар экенин көрсөткөн.

Жакын туугандары  1 млн 420 миң сом киреше тапкан жана баасы 1 млн 780 миң болгон унаасы бар.

Дайырбек Орунбеков Reporter.kg’ге 2023-жылы тапкан кирешеси боюнча түшүндүрмө берип, мамлекеттик кызматта иштеп баштагандан бери бардык мүлктөрүн жана айлык маяналарын, тапкан кирешелерин декларацияда толук көрсөтүп келе жатканын билдирди.

Орунбековдун айтымында, ал декларацияда көрсөткөн 3,7 сотых жер Бишкектин Арча-Бешик конушунда жайгашкан. Аны бир топ жыл мурда 15 миң долларга сатып алып, 2023-жылы 100 миң долларга (ошол жылдагы курс боюнча болжол менен 8,6 млн сом) саткан. 2023-жылы тапкан кирешесинин көбү жер саткандан түшкөн. Калганы жумуш ордунда тапкан айлыгы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>