Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба агенттиги министрлик болуп түзүлгөнү менен чыгымдары көбөйбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы министрликтин башчысынын милдетин аткаруучу Нурдан Орунтаев билдирди.
Орунтаев президенттин жарлыгы менен Курулуш агенттиги министрлик болуп өзгөргөнүн айтып, финансылык жактан чыгымдар болбой турганын белгиледи. Анын айтымында, мурда агенттикке канча каражат бөлүнсө, министрликтики ошол бойдон калат.
«Штат ошол бойдон калып жатат. Орун басарлардын саны да ошол бойдон калат. Финансылык чыгымдар болбойт», — деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн, 13-февралда парламенттин жыйынында Нурдан Орунтаевдин курулуш министри кызматына талапкерлиги каралууда.
Нурдан Орунтаев өлкөдөгү 17-министрликти жетектейт. Өмүр баяны