Орусияда жол кырсыгынан 3 кыргызстандык каза тапты. Алардын бири 2 жашта болгон

24.12.2025 | 18:00

Орусиянын Оренбург облусунда болгон жол кырсыгынан 3 кыргызстандык жаран каза таап, экөө ар кандай жаракат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Кырсык 23-декабрда болгон. Анда унаалар кагышып, 48 жаштагы Ж.Ж.М., 28 жаштагы Э.А.А. каза таап, 2 жаштагы наристе чарчап калды. Мындан тышкары, жабыркаган эки кыргыз жараны Оренбург облусунун медициналык мекемелерине жаткырылды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги каза болгон жана жабыр таркан жарандырдын туугандары менен жана аталган өлкөнүн укук коргоо органдары менен байланышып, тиешелүү жүргүзүп жатканын билдирди. Анын ичинде каза болгондордун сөөгүн мекенине жөнөтүү маселеси каралууда.

Министрлик Орусияга унаа менен барууну пландап жаткан жарандырды аба ырайынын шарттарын эске алууга чакырды.

Scroll to Top