Орусиянын Чоң театрынын балет труппасы жана оркестри Бишкекке гастроль менен келет

Орусиянын Чоң театрынын балет труппасы жана оркестри Бишкекке гастроль менен келет

24-25-июнь күндөрү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Орусиянын Мамлекеттик академиялык Чоң театрынын балет труппасынын жана оркестринин гастролу өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, эки күндүк концерттин программасында классикалык искусствонун символуна айланган “Ромео жана Жульетта”, “Ак куу көлү”, “Корсар”, “Париждин жалыны”, “Спартак”, “Дон Кихот” жана башка дүйнөлүк балет шедеврлеринен үзүндүлөр тартууланат.

Көрөрмандарды Орусиянын эң башкы театрларынын сахнасынынын алдыңкы, белгилүү прима-балериналары жана премьер-артисттери менен жолугушуу күтөт. Алардын катарында: Артемий Беляков, Егор Геращенко, Елизавета Кокорева, Кристина Кретова, Элеонора Севенард, Дмитрий Смилевски, Юлия Степанова жана Игорь Цвирко бар.

«Мындан тышкары Чоң театрдын оркестринин концерти өтүп, 50дөн ашуун музыкант өз өнөрүн тартуулайт. Алардын арасында эл аралык конкурстардын лауреаттары, Орусиянын эмгек сиңирген жана эл артисти наамын алган чебер музыканттар бар. Дирижёру – Орусиянын эмгек сиңирген артисти Алексей Богорад»,- деп билдирди министрлик.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>