Бишкек шаарында Муниципалдык инспекция Ош базарынын айланасындагы мыйзамсыз көчө соодага каршы рейд жүргүзүп жатат. Бул тууралуу шаардын мэриясы кабарлады.
Рейд учурунда көчө соодасы жүргүзүлгөн жерлер тазаланып, протоколдор түзүлгөн.
Мэрия инспекция тарабынан уруксатсыз сооданы токтотуу тууралуу бир нече жолу эскертүүлөр берилгенине карабастан, айрым жарандар мыйзамсыз соода жүргүзүүнү улантып жатышканын билдирди.
Ал эми айрым соодагерлер Ош базарынын ичинде соода кылууга келишим түзүп, бирок ал жерлерди кампа катары пайдаланып, сооданы уруксат берилбеген жерлерде жүргүзүп жатышканы айтылды.