Ош мамлекеттик университети тез жардам унаасын сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.
Маалыматка ылайык, университет 13,5 миллион сом жумшоону пландоодо.
Жарыяга россиялык компаниялардын биринин Mercedes-Benz Sprinter автоунаасынын жана ага медициналык жабдуулардын баасы боюнча коммерциялык сунушу тиркелет.
Белгилей кетсек, ОшМУда медицина факультети бар. Апрель айында Ош шаардык клиникалык ооруканасынын имараттары университеттин карамагына өткөрүлүп жатканы белгилүү болгон.