Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Ош мэриясы кышка даяр — жол тазалоочу техникалар текшерилди
17.10.2025 | 12:00

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кыш мезгилине карата унаа жолдорун жана тротуарларды тазалоочу техникалардын даярдыгын текшерди. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Быйыл шаарда биринчи жолу мэрдин демилгеси менен тротуарларды тазалоочу атайын техникалар сатып алынган. Жеңишбек Токторбаев жаңы техникаларды өзү айдап, алардын иштөөсүн жеке сынап көрдү.
Мэр тиешелүү кызматтарга 1-ноябрга чейин бардык даярдык иштерин аяктоо тапшырмасын берди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом