Ош облусунун аймагында 9-мартта жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, саат 10:42 чамасында Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Ачык-Суу жана Сары-Могол айылында 2 баллга чейин сезилди.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз