Бүгүн Президент Садыр Жапаров жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон видео-байланыш режиминде «Карамык» жана «Бордөбө» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын (КӨЖ) ишин жандандыруу аземине катышышты.
Бул иш-чара Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өттү.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтары өткөрүү пункттарын ачууга толугу менен даяр экендигин билдиришти.
Тиешелүү баяндамалардан кийин Садыр Жапаров КӨЖ ишин баштоо боюнча буйрук берип, кыргыз тараптагы шлагбаумдар көтөрүлдү. Мунун артынан Эмомали Рахмон дагы тажик тараптагы КӨЖдү ачуу буйругун берип, өткөрүү пункттары расмий түрдө ишин баштады.
Бул кадам эки өлкөнүн чек арадагы кызматташуусун чыңдоого жана тургундардын эркин жүрүшүнө шарт түзөт.