Бишкектин Абай көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө жайгашкан «Ош пирим» телеканалынын кеңсесинде өрт чыкты.
ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, саат 14:53тө өрттү өчүрүүгө Октябрь райондук No5 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган.
Өрт саат 15:02де чектөөгө алынып, саат 15:27де толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгым такталууда.