Садыр Жапаров бир катар шаарлардын мэрлерин алмаштырдыКРда КЖЭБ өндүрүүчүлөрүнөн электр энергиясын сатып алууга кепилдик берилген — Энергетика министрлигиКМШда Креативдүү индустриялар ассоциациясын түзүүгө киришиштиКара-Сууда жерди мыйзамсыз менчиктештирүү жана сатуу фактысы аныкталып, 6 мамлекеттик кызматкер кармалдыБишкекте КМШ өлкөлөрүнүн кыска метраждуу тасмаларынын эл аралык фестивалы өтөтКыргызстан менен Кытай ШКУнун Өнүктүрүү банкын ишке киргизүү жана гидроэнергетикага инвестиция тартуу боюнча кадамдарды белгилешти
Ош шаарында таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат
10.02.2026 | 12:21

Ош шаарында тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү ишкана курулат. Бул боюнча шаар мэри Жеңишбек Токторбаев жана Кытайдын «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Жи Инвест» компаниясынын жетекчиси Дай Дао концессиялык келишимге кол коюшту.
Завод жылына 310 миң тоннага чейин таштандыны иштетүүгө жана анын негизинде электр энергиясын өндүрүүгө ылайыкталат. Ишкана экологиялык талаптарга жооп берет жана айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбайт.
Долбоордун курулуш иштери жакынкы күндөрү башталат. Заводду 2027-жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом