Рейддик иш-чарага тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер катышууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Анда маалымдалгандай, текшерүү учурунда тамактануучу жана көңүл ачуучу жайлар көзөмөлдөнүп, өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 21 өспүрүм ИИМдин жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилип, 20дан ашык протокол түзүлдү. 16 материал тиешелүү комиссияга жөнөтүлдү.
Адистер балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында түнкү убакта ата-энелеринин коштоосуз жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча жума сайын ушундай рейддерди өткөрүп турушат.
Эскертке кетсек, 18 жашка толо элек өспүрүмдөргө түнкү убакта ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз коомдук жайларда жүрүүгө тыюу салынат. Жайында (1-июндан 31-августка чейин) саат 23:00дөн таңкы 6:00гө чейин, ал эми калган мезгилдерде 22:00дөн 06:00 таңкы чейин балдар жалгыз жүрүүгө болбойт.