Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Ош шаарында уй эти 600 сомдон, кой эти 620 сомдон сатыла турган болду
24.09.2024 | 17:25
Ош шаарында уйдун жана койдун эти белгиленген баа боюнча сатыла турган болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 24-сентябрда мэрдин биринчи орун басары Марс Исаевдин төрагалыгы алдында эттин баасын жөнгө салуу маселеси боюнча жыйын өткөрүлгөн. Ага ветеринардык кызматтын, антимонополиянын жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү, эт саткан дүкөндөрдүн ээлери катышкан.
“Жыйында 1 кг уйдун этине бирдиктүү баа 600 сом, ал эми кой этине 620 сом болуп бекитилди. Белгилей кетсек, буга чейин шаар тургундарынан эттин баасы 650 сомго чейин жетип жаткандыгы тууралуу арыз-даттануулар келип түшкөн”, – деп билдирет мэрия.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом