Ош шаарынын 2023-жылкы бюджетинде 5 млрд сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Ош шаарынын 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча Эсеп палатасы аудит жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгында 5 млрд сомго жакын мыйзам бузуулар аныкталды.
Эсептөө палатасынын саалыматына ылайык, 2023-жылдагы бюджет 3 млрд 224,2 млн сом деп бекитилген. Бирок кирешелер планы 92,7 пайызга гана аткарылып, 235,6 млн сом түшпөй калган. Айрыкча киреше салыгы жана ижара төлөмдөрү боюнча көрсөткүчтөр төмөн болгон. Чыгашалар да толук ишке ашпай, 91,8 пайыз гана аткарылган. Билим берүү жана социалдык коргоо тармагына бөлүнгөн каражаттар толук пайдаланылган эмес.
Аудитте 1 млрд 952,6 млн сом калыбына келтирилиши керек экени көрсөтүлгөн. Бирок азыркы убакка чейин болгону 31,2 млн сом гана кайтарылган. Ошондой эле бухгалтердик эсептин туура жүргүзүлбөгөнү, сатып алуулардагы мыйзам бузуулар, муниципалдык мүлктү максатсыз пайдалануу жана 2,9 млн сомдук жетишпестик катталган.
Эсеп палатасы Ош мэриясына мыйзам бузууларды жоюу боюнча сунуш берди. Аудиттин жыйынтыктары Башкы прокуратурага да жөнөтүлдү.