Евразиялык интеграция: жетилгендик экзамени тапшырылды. Андан ары эмне болот?Тоо боорундагы эс алуу күндөрү: кышкы адреналин издеп бишкектен кайда баруу керек?Кыргызстанда канаттуулардын саны жана жумуртка өндүрүү 40%га өскөнү катталдыШвейцариянын лыжа курортундагы өрттөн ондогон адам каза болдуТелевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон ашты
Ош шаарынын айрым бөлүгүндө суткасына таза суу берүү убактылуу токтотулат
10.11.2025 | 09:46
Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, 10-ноябрда саат 23:00дөн тартып 11-ноябрдын 23:00үнө чейин шаардын оң жээк тарабында ичүүчү суунун берилиши убактылуу токтотулат.
Коммуналдык кызматтардын айтымында, бул чектөө суу менен камсыздоо системасын профилактикалык тазалоо, диаметри 300 жана 400 миллиметр болгон задвижкаларды алмаштыруу жана Тажик көчөсүн кеңейтүү иштерине байланыштуу диаметри 800 миллиметрлик түтүктү жылдыруу үчүн киргизилүүдө.
Шаар бийлиги тургундарга алдын ала суу запасын даярдап алууну эскертти. Ал эми түштүк-чыгыш микрарайонунда суу берүү мурдагы режимде уланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом