Сокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулатФеликс Кулов Казакстандын жаңы Конституциясына баа берди: алдыга карай чоң кадам жана «кош бийлик» тобокелдиктериПрезидент бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койдуКыргызстандагы КММ баалары: учурдагы абал жана өкмөттүн бааны ооздуктоо боюнча чаралары«Жалындуу чабуул» жана «Матросовдун эрдиги»: Бишкектин картасындагы эрдиктин символдоруКыргызстан 2026-жылга карата тышкы саясий артыкчылыктарын аныктады
Ош: Үйдүн 250 чарчы метри толугу менен күйдү
27.12.2021 | 09:28
Бүгүн, 27-декабрь күнү таңкы саат 04:31 чамасында Ош шаарынын Туран кичи районунда, Алыкулов көчөсүндө турак үйдөн өрт чыкты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жерине жергиликтүү кызматтын үч өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылып, саат 05:14 өрт чектөөгө алынып, толук 08:19 өчүрүлдү. Өрттүн натыйжасында 1 кабаттуу турак үйдүн 250 чарчы метри толугу менен күйдү.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар