Билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги сунушталды. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Маалыматка караганда, Исаковдун талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүп, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөткөн.
Каныбек Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректорунун кызматын аркалап келет.
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда кызматынан алынган.