Ош шаарында адам тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө 26 жаштагы арыз менен кайрылып, ал 23-август күнү жумуштан кийин И.Раззаков көчөсүндө жайгашкан өз үйүнүн подьездине кирип баратканда жашы 35-40 жаштардагы эркек киши артынан кирип, коркутуп, баш тарабына бир нече жолу уруп, колундагы Samsung Galaxy А12 үлгүсүндөгү телефонун тартып алып, изин жашырып кеткендигин билдирген.
Ак-Буура милиция бөлүмүнүн №3 милиция бөлүмчөсүнүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан 25-август күнү кылмышка шектүү делип 1982-жылы туулган М.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Аны кармоо учурунда жабырлануучунун телефону жанынан чыккан. Шектүү мурда бир нече жолу уурулук жасагандыгы үчүн соттолгон.
Шектүүнүн үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (тоноо) белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмү бул жарандардан жабыркагандар болсо 03222-6-64-02 телефондору аркылуу байланышка чыгууну суранат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда