Ошто 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ошто 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 10-мартта түнү саат 03:07де Ош облусунун Өзгөн районунун Калта, Жыланды айылдарында 3 баллга, Шоро-Башат, Ничке-Сай айылдарында жана Өзгөн шаарында 2-2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>