Сузакта жабыркаган балдардын дагы бирөөсүнө операция жасалат

Сузакта жабыркаган балдардын дагы бирөөсүнө операция жасалат

Сузак районунда Портер сүзүп кеткен балдардын дагы бирөөсүнө бүгүн операция жасалат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын дарыгери Талант Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, 3-майга карата облустук ооруканада 12 бала жатат. Анын бешөө жандандыруу бөлүмүндө.

«5 баланын абалы оор болчу. Азыр турукташып калды. Кечээ 2 кызга операция жасалды, бир балага бүгүн операция жасоо пландаштырылууда. Дары-дармек жетиштүү», — дейт ал.

Маалыматта министр Алымкадыр Бейшеналиев, анын орун басары Медер Исмаилов ооруканада жаткан балдардын абалы менен жеринен таанышып жүргөнү айтылат.

Андан тышкары, Ош областтык балдар клиникалык ооруканасынын адистери дагы жардам келишкен.

Эскерте кетсек, 2-май күнү Сузактын Жерге-Тал айылында «Манас» айтуу кароо сынагы учурунда жүк ташуучу унаа 29 баланы сүзүп кетип, 18и ооруканага түштү.

Унаанын айдоочусу камакка алынды.

Чүй жана Нарын облусунда «Манас» айтуу боюнча сынак токтотулду.

«Табалабагыла». Уюштуруучулар Чүйдө жана Нарында «Манас» айтуу сынагын токтотту

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>