Ошто 42 жаштагы адам каналдагы сууга агып каза болду

Ошто 42 жаштагы адам каналдагы сууга агып каза болду

Ош шаарында 42 жаштагы киши каналдагы сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты

Маалыматка ылайык, 17-июнь күнү саат 10:40тар чамасында Мирсатов көчөсүндөгү Увам каналына 1978-жылы туулган эркек киши түшүп кеткени кабарланган. Аны издөөгө ӨКМнын куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: канал Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>