Ошто 95 үй-бүлө чакан ишкана ачуу үчүн 100 миң сомдон алышты

Ошто 95 үй-бүлө чакан ишкана ачуу үчүн 100 миң сомдон алышты

Ош шаарында «Социалдык келишим» программасынын алкагында 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага министр Жылдыз Полотова жана Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров катышты.

«Социалдык келишим программасы ишке ашырылып жаткан мезгилде өлкө боюнча 21 миңден ашык жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ар бирине 100 миң сомдон жеке ишкерликти баштоо үчүн жардам берилди. Анын ичинен 8,5 миңи быйылкы жылдын башынан бери. Жыл аягына чейин дагы 14,5 миң үй-бүлө мамлекет менен социалдык келишим түзүп, жашоосун жакшы жакка өзгөртө алат», — деди ал.

Ош шаарында 200 үй-бүлөгө бекитилген квотанын негизинде 100 миң сомдон 95 үй-бүлөгө сертификаттар тапшырылды. Калган үй-бүлөлөр дагы тандоо процессинен өтүшөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>