Ошто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталды

13.04.2026 | 12:50

Ош шаарында Алымбек Датка көчөсүнүн эки тарабына жалпы узундугу 3,45 чакырымды түзгөн тротуарларды куруу иштери башталды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, тротуардын кеңдиги 3 метрди түзөт. Анын 2 метри жөө жүргүнчүлөр үчүн, 1 метри велосипед жолу үчүн бөлүнөт. Ошондой эле жашыл аймактарды түзүү каралган.

Мындан тышкары, быйыл аталган көчөнүн борбордук аянттан баштап А. Навои көчөсүнө чейинки 2,6 чакырым аралыгындагы унаа жолу капиталдык оңдоодон өтөт. Мэрия бул иштер инфраструктураны жакшыртуу жана жол коопсуздугун жогорулатуу максатында аткарылып жатканын билдирди.

Scroll to Top