13-февралга карата аба ырайыКамчыбек Ташиев он үчүнчү февраль күнү эртең менен Кыргызстанга келетАзия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? Рейтинг
Ошто балдар үйүнөн тарбияланып чыккандар үчүн турак жай курулууда
15.01.2026 | 10:10

Ош шаарында балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн 28 батирден турган эки кабаттуу турак жай курулуп жатат. Батирлер “Лотос” жана “Алтын уя” балдар үйлөрүнөн тарбияланып чыккан балдарга берилет. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Турак жайдын дубалдары туруп, чатыры жабылган. Учурда фасаддык иштер башталып, жылуулоо системасы орнотуулууда.
Мэр Жеңишбек Токторбаев курулуш иштеринен кабар алып, бул үйдө балдар кубанып жашагыдай шарт түзүүнү тапшырды.
“Балдарыбыз кубанып жашашы керек. Алар мамлекетибиз, элибиз, жерибиз бар, бир туугандарыбыз бар, биз мына көчөдө калган жокпуз деп айткыдай болушу керек”,- деди калаа башчы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом