Ошто батирлер арзандады: «квадраттын» баасы 5,4%га төмөндөдү
Турак жайдын баасынын төмөндөшү Бишкектен кийин Ошто да катталды. Кабминге караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, октябрда Ош шаарында батирлердин бир квадрат метринин баасы 78 миң 739 сомду түзгөн. Бул сентябрь айындагы 83 миң 313 сомдук көрсөткүчтөн 5,4%га аз.
Айлык түшүүдөн тышкары, жылдык эсепте баа тескерисинче өсүп, 13 232 сомго же 20,1%га жогорулаган.
Буга чейин Бишкекте да октябрь айында «квадрат» 107 миң 221 сомго чейин арзандап, 9,5%дык төмөндөөнү көрсөткөнү кабарланган.
Агенттик билдиргендей, жарнама сайттарындагы баалар менен мамлекеттик каттоодогу реалдуу базар баалары дал келбей калышы мүмкүн. Мындан тышкары, сатуучулар жана алуучулар көп учурда келишимдерде бааны төмөн көрсөтүшөт, бул да статистикага таасир этет.