Ошто далилдерди бурмалоого шектелип, милиция кызматкерлери кармалды

Ошто Кара-Суу районундагы өлүм менен коштолгон жол кырсыгын жашыруу фактысы аныкталып, милиция кызматкерлери далилдерди бурмалоого шектелип кармалышты.
Облустук милициянын маалыматында, иликтөөнүн алкагында 2022-жылдын 21-июнунда Кара-Суу районунда 2013-жылы туулган Р.А. аттуу өспүрүм жол кырсыгынан каза болгондугу такталган. Иликтөөдө милиция кызматкерлери кырсыкты жашыруу максатында далилдерди атайылап бурмалаганы белгилүү болду.
2026-жылдын 12-мартында маркумдун ата-энеси жана окуяга тиешеси бар жарандар суракка алынып, өспүрүмдү автоунаа сүзүп кеткени тастыкталган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 361-беренеси (Далилдерди бурмалоо) менен кылмыш иши козголду.
Кылмышка шектүү катары Араван РИИБдин тергөөчүсү Т.С. жана Алай РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы У.М. кармалды. Алар соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Тергөө иши улантылууда.