Ошто Howo унаасы жеңил унааны сүзүп, каналга түшүп кетти. Айдоочу мас болгон
Ош шаарында жүк ташуучу Howo унаасы жеңил автоунааны сүзүп, андан кийин каналга түшүп кеткен. Жол кырсыгынын учуру байкоо камерасына түшүп калган. Кадрларда Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа чоң ылдамдыкта баратканда, жол жээгинде токтоп турган автоунааны сүзүп, андан соң башкаруусун жоготуп, каналга түшүп кеткенин, ошол эле учурда тосмолорду да кулатып өткөнүн көрүүгө болот. Кабинадан спирт ичимдигинин бөтөлкөсү табылган.
Ош шаарынын Кайгуул милицияынын басма сөз кызматынан Reporter.kg агенттигине билдиришкендей, жол кырсыгы 2-ноябрда саат сегиздер чамасында Саидов жана Кадыров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу мас абалында болгон, бирок жаракат алган эмес. Ал эми Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу ооруканага жеткирилген. Топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.