Катчысына сексуалдык ыдык көрсөткөн судьяга кылмыш иши козголду – УКМКСадыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Чолпон-Ата шаарында жолугуштуЧолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөтСалык кызматында «Temu» соода платформасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттүЖапон өкмөтү Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына 500 млн иен грант берет«Рух Санат» – дүйнөлүк салттуу маданият бир сахнада
Ошто “Коопсуз шаар” ишке кирет. Камералар эреже бузуунун 12 түрүн аныктайт
29.05.2024 | 09:38
Ош шаарында 1-июндан “Коопсуз шаар” долбоору тесттин режимде иштей баштайт. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
Мында автоунаалардын жол эрежесин бузгандыгы фото, видеого тартып алынат, бирок айып пул салынбайт. Кийики айдан гана айдоочуларга айып пул боюнча каттар жөнөтүлүп баштайт.
Долбоордун биринчи этабында эле 60 аппарат орнотулат.
Кесилиштерге орнотулган камера бузуунун төмөнкү түрлөрүн аныктайт:
- Ылдамдыкты ашыруу;
- Маршруттук унаалар жүрүүчү тилкеге жеңил унаа кирген учурда;
- Каршы жол тилкесине чыгуу;
- Коопсуздук курун тагынбаганда;
- Жөө жүргүнчүлөргө жол бербегенде;
- Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн бурулганда;
- Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерде токтогондо;
- Жол белгилерине маани берилбеген учурда;
- Тыюу салынган жерден жөө өтүүдө;
- Стоп сызыгына чейин токтотуу, жол кыймылынын эрежелерин сактабоо;
- Транспорт каражатын токтотуу эрежелерин бузуу;
- Тротуарга унааны токтотууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом