Видео: Ошто кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлдү. Милиция эмне дейт?

Видео: Ошто кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлдү. Милиция эмне дейт?

Ош шаарында кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлдү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге  Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, окуя 13-январга караган түнү болгон. Маркум криминалдык чыр-чатактын, пикир келишпестиктин айынан өлтүрүлгөн. Дагы бир адам оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

«31 жаштагы адам каза болду, 27 жаштагы жаран реанимацияда жатат. Ал экөө жана кол салган адамдар да уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушат. Катышуучулардын бардыгынын өздүгү аныкталган, эмне себептен өлтүргөнү тууралуу маалыматтар бар. Учурда аларды кармоо боюнча иштер жүрүүдө», — деп билдиришти милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>