Саламаттык сактоо министрлиги жана ДСУ Кыргызстандын алыскы аймактарында санариптик медицинаны кеңейтүүнү макулдашты«Кыргызнефтегаздагы» коррупция: Шайырбек Ташиев 16-майга чейин тергөө абагына киргизилди3-апрелге карата аба ырайыЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөр
Ошто кызганычтан улам жаш жигитти алтоолоп сабашты
12.09.2020 | 14:30
Ош шаарында кызганычтан улам 6 жигит жалгыз адамды ур-токмокко алган. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя 10-сентябрга караган түнү болгон. Анда кыз талашуудан чыккан чатактын натыйжасында 6 бала жалгыз жигитти автоунаага күч менен салып барып, сабап туруп 4500 сом акчасын алып кетишкен.
Жабырлануучу ооруканага түшсө, аны сабаган алты баланын төртөө кармалып экөөнө издөө жарыяланган.
Ур-токмокко алган балдар 23-22 жаштагы балдар болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар