Ошто тойдун коноктору мушташып, 8 жаран кармалды

Ош шаарында эки башка тойканага тойго келген жаштардын ортосунда чыккан жаңжал массалык мушташка айланып, жыйынтыгында сегиз жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 23-сентябрь күнү саат 15:30 чамасында Токтогул сейил багындагы «Изюм» ресторанында катталган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, башында тойго келген эки топтун ортосунда оозеки кайым айтышуу болгон. Көп узабай жаңжал мушташка айланып кеткен.
Тартипти сактоо максатында жерине шаардык милиция кызматкерлери жана атайын бөлүм тартылган. Милиция 2001 жана 2002-жылы туулган сегиз жарандын өздүгүн тактап, алар Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Жаңжалдын күбөлөрүнүн билдирүүсүндө, мушташ маалында бир жаран эс-учун жоготкон.
24-сентябрда шаардык ИИБ мушташка активдүү катышкан үч жаран 24 саатка убактылуу кармоочу жайга камалганын кабарлады. Алардын бардыгына Кылмыш-жаза кодексинин “Майда бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Сот чечими чыга электе кармалгандардын ар бирине 20 миң сомдон айып салынды. Маалыматтар шаардык сотко бекитүү үчүн жөнөтүлгөн.
Ошондой эле жаңжалдын катышуучулары бири-бирине арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартканы белгиленди.