Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Аяп коет деп ойлобо. УКМК төрагасы министрге эскертүү берди
25.09.2025 | 11:17

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жыйын өткөрүп, анда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевге эскертүү жасады.
Ташиевдин айтымында, подрядчы компаниялардан министрликтин жетекчилерине акча берилгени тууралуу арыздар келип түшүүдө.
– «Подрядчиктерден арыздар түшүп жатат. “Биз Транспорт министрлигинин жетекчилерине акча бергенбиз” деген арыздар бар. Эгер ошол далилденсе, түрмөгө отурасың. Уктуңбу? Аяйт экен деп ойлобогун», – деди УКМК төрагасы.
Учурда бул маселеге байланыштуу кошумча маалыматтар берилген жок.